Бишкекте мас абалында кармалган жаран милициянын аймактык бөлүмүндө чыр-чатак чыгарган

Бишкекте мас абалында кармалган жаран милициянын аймактык бөлүмүндө чыр-чатак чыгарган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 19-майда билдирди.

Белгилүү болгондой, Алтын-Ордо жаңы конушунан милиция кызматкерлери көчөдө спирт ичимдиктерин ичип жаткан адамдарга карата административдик протокол түзмөкчү болушкан, бирок жарандар укук коргоо кызматкерлерине карата кемсинткен сөздөрдү айтып мазакташкан. 

Кийин алар аймактык милиция бөлүмүнө алынып келингенде 48 жаштагы  Бектур аттуу жаран чыр-чатак чыгарып, кайрадан милиция кызматкерлерин кемсинтүүгө өтүп, аймактык милиция бөлүмүнүн эмерегине залал келтирген. Бул окуя боюнча атайын протокол түзүлүп, иликтөө жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан