Медициналык жардам көрсөтүүдөгү кемчиликтердин көрсөткүчү былтыркы жылдын I кварталына салыштырмалуу 32 пайызга азайды

Баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн сапатына талдоо жүргүзүүдө 2014-жылдын I кварталында 2013-жылдын I кварталына салыштырмалуу текшерүүдөгү кемчиликтери 31,7 пайызга азайды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.  

Маалыматка ылайык, бейтаптарды дарылоодогу кемчиликтер 30,1 пайызга, мындан башка кемчиликтер 27,1 пайызга өскөндүгү жана ооруканага жаткырууга негизсиз жолдомолордун саны 30 пайызга, диспансеризациялоодогу дефекттер 17,7 пайызга азайгандыгы аныкталган.

Бейтаптарга сапатсыз медициналык кызмат көрсөткөндүгү үчүн баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынан 2014-жылдын I кварталында жалпы суммасы 674,0 миң сом каржылык санкция кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан