Нью-Йоркто өтө турган түрк элдеринин парады Түркиядагы кырсыкка байланыштуу өткөн жок

Нью-Йорк шаарында 17-майга пландаштырылган түрк тилдүү элдердин парады Түркиядагы көмүр кениндеги кырсыкка байланыштуу өткөн жок. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда «Kyrgyz Club» бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, уюштуруучулар тарабынан салтка айланып калган иш-чараны өткөрбөө чечими кабыл алынган.

Белгилүү болгондой, көмүр кениндеги кырсык өткөн жуманын шейшембисинде Стамбулдан 250 чакырым алыстыкта жайгашкан Сомада орун алган. Натыйжада 300гө жакын адам каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан