Каракол шаарында тармактарды иштеп чыгуунун стратегиясы боюнча коомдук угуулар өтөт

Каракол шаарынын мэриясында 21-майда шаардын ирригациялык тармактарын иштеп чыгуунун узак мөөнөттүү стратегиясы боюнча коомдук угуулар өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, стратегия үч ай алкагында иш жүргүзгөн атайын комитет тарабынан иштелип чыккан. Комитетке мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү муниципалдык ишканалардын кызматкерлери, бардык жергиликтүү аймактык округдардын жетекчилери, жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдардын активисттери киришкен.

Ирригациялык маселелерди чечүү боюнча аталган долбоор Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШ агенттиги аркылуу америкалыктар каржылаган көптөгөн долбоорлордун бири болуп эсептелинет жана жергиликтүү бийлик менен кызматташууда «Атуул» коомдук бирикмеси жана "Ист-Вест" менеджмент институту аркылуу ишке ашырылууда.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан