Бүгүн, 19-майда Ош шаардык мэриясынын имаратында эстакадалык көпүрөнү куруу боюнча тендер болуп өттү. Ага жалпысынан 8 жеке ишкана катышууга документ тапшырган, алардын 3сү тендерге катышкан жок.
Эстакадалык көпүрөнүн биринчи этабы эки ай аралыгында бүткөрүлүп, экинчи этабына да тендер жарыяланарын вице-мэр Жапар Ормонов журналисттерге маалымат берип жатып билдирди.
“Ош шаарындагы Навои көчөсүндөгү көпүрө шаардын эң көйгөйлүү маселелеринин бири болуп эсептелет. Анткени бул көпүрө негизги борбордук көпүрөлөрдүн бири. Куруу үчүн каралган буга чейин долбоорлор прокуратура тарабынан мыйзамсыз деп табылып, ал үчүн кылмыш иши козголгон. Бүгүнкү күндө жаңыдан долбоорлорду түзүү боюнча иштер жүрүп, бүгүн көпүрөнүн башталгыч этабына тендер өттү.
Өзүңөргө белгилүү болгондой, шаар мэри Айтмамат Кадырбаевдин токтомунун негизинде тендерди ачык- айкын өткөзүү үчүн бейөкмөт уюмдардын, шаардык кеңештин депутаттарынын катышуусунда өткөрдүк. Мыйзам боюнча, жыйынтыгы 30 күнгө чейин чыгарылса болот. Бирок биз элдин көйгөйүн чечүү үчүн комиссиянын мүчөлөрүнөн сурандык, бир жуманын ичинде жыйынтыгын чыгарып, жеңген компания курулуш иштерин баштаса дедик”,- дейт Ормонов.
Ошондой эле эстакадалык көпүрөнү бир жылга жетпей бүтүрүү пландалганын, ошону менен катар көпүрө кыскарбай тургандыгын вице-мэр Жапар Ормонов белгилеп өттү.