Эртең, 20-майда саат 09:00дөн саат 17:00гө чейин Калыков көчөсүндөгү №53-көп кабаттуу үйдө, Тоголок Молдо, Кудрук, Исанов көчөлөрүнүн барчаларында, Манас, Бөкөнбаев, Фрунзе, Абдрахманов көчөлөрүнүн төрт чарчысында, 20-майда саат 8ден тарта, 21-майда кечки саат 18ге дейре Мурас-Ордо конушунда электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ошондой эле саат 09:00дөн саат 17:00гө чейин Аламүдүн районундагы Лебединовка, Аламүдүн, Төмөнкү Ала-Арча, Пригородное, Мраморное, Озёрное, Ленинское, Васильевка, Виноградная, Полевая, Көк-Жар айылдарында, Жайыл районуна караштуу Моңолдор, Сары-Булак айылдарында, Сокулук районуна караштуу Саз, Асылбаш, Таш-Булак айылдарында, саат 09:00дөн саат 12:00гө чейин Сокулук, Романовка айылдарында электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт.