Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, Ош шаарында 24-май күнү облустар аралык бириктирилген клиникалык ооруканада “Жүрөк ооруларындагы багыттар жана ички медицина” аталыштагы илимий-практикалык жыйын өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Медициналык академиядан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, аталган иш-чара академик М.Миррахимовдун жаркын элесине арналат.
Жыйындын негизги максаты - үй-бүлөлүк жана стационарлардын дарыгерлерине күнүмдүк жумушундагы колдонулуучу медицина тармагындагы жетишкендиктер туурасындагы маалыматтарды жайылтуу.