Баткенде кыргыз-тажик күч түзүмдөрүнүн жолугушуусунда чек ара жаңжалында келтирилген чыгымдарды төлөп берүү талабы айтылды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.
Жолугушуу Баткен районунун Жака-Өрүк участкасында өтүп, ага Баткен ОИИБинин башчысы Анарбай Алимбеков, орун басары Насыридин Ташбалтаев, Баткен РИИБинин башчысы Арстан Усанов кыргыз тараптан катышты. Тажик Республикасынан Согди облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы Ш.Р.Назаров, орун басарлары М.Миролиев, Х.Дадабаев, Исфара-2 райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Насимовдор келишти.
Эки тараптуу жолугушууда Баткен ОИИБинин начальниги Анарбай Алимбеков 2014-жылдын 7-май күнү Баткен районунун Орто-Боз жана Көк-Терек айылдарында орун алган окуялар боюнча кылмышка шектүү тажик жарандарын кармап, аларды мыйзам чегинде жоопко тартып, кыргыз жарандарына карата келтирилген материалдык чыгымдарды төлөтүп берүү талаптарын койду.
Ал эми Согди ОИИБинин башчысы Шерали Назаров бул фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, кылмыш жасаган атуулдарга бүгүнкү күндө тажик тараптан ыкчам иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын жана тийиштүү экспертизалар дайындалгандыгын билдирди. Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө материалдык чыгымдарды төлөтүп берүү боюнча 10 күндүн ичинде жазуу түрүндө кошумча маалымат берерин айтты.
Андан соң Анарбай Алимбеков чек арада кызмат өтөп жаткан күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери менен жолугушту. Алардын абалын сурап, ар бири менен баарлашып чыкты.