Кечээ, 19-майда футбол боюнча Кыргызстан курама командасы АФКнын Чакырык Кубогунун финалдык баскычынын 1-тур оюндарында Палестинага 1:0 эсебинде утулуп калды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлады.
Маалыматка ылайык, гол негизги убакыт соңуна чыгып, убакыт кошулуп берилгенде кирди. Палестиналыктар бул голду бурчтан чыгарып берүүдө ийгиликтүү ойноо менен жарата алышты.
“А” тайпасында орун алган Кыргызстан курама командасы тайпалык баскычта дагы 2 оюн өткөрөт. Кийинки оюн 21-майда Мальдив аралдарынын курамасына каршы болмокчу.