Биз социалдык тармакта

Ошто Бириккен профсоюз комитетинин спартакиадасы өттү

Ош мамлекеттик социалдык университетинин базасында билим, илим кызматкерлеринин Ош облустук профсоюз комитети тарабынан жыл сайын уюштурулуучу спартакиадасы өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, спартакиада спорттун волейбол, стол тенниси, ордо, тогуз коргоол, шахмат түрлөрү боюнча өткөрүлдү.   

Жалпысынан иш-чарага Ош облусуна караштуу Алай, Кара-Суу, Өзгөн, Кара-Кулжа, Чоң-Алай, Ноокат, Араван жана Ош шаарындагы 5 жогорку окуу жайынан биригип 13 команда ат салышты.

Мелдеш эки күнгө созулуп, жыйынтыгында командалык эсеп боюнча ОшМУ 1-орунду, ОшТУ 2-орунду, Кара-Суу району 3-орунду камсыз кылышты. Жеңүүчүлөр облустук профсоюз комитети тарабынан акчалай сыйлык жана баалуу белектер менен сыйланышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан