Бишкекте бүгүн, 20-майда Жумгалдагы "Кара-Кече" кенинде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин туугандары пикетке чыгышты. Алардын негизги талабы СИЗОдо күнөөсүз жаткан 13 тууганын бошотуу болуп саналат. Пикеттин катышуучусу Калыназар Сыдыкбековдун айтымында, маркумдун тергөө абагына алынган туугандарынын Бишкекке алынып келгенине 1 ай болгон. Пикетке 15 адам келди.
Ал эми 21-февралда Жумгалдагы элдик сот боюнча “адам өмүрүнө кол салуу”, “сот адилеттигин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу”, “бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү”, “мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.