Оштун жаштары Жогорку Кеңеште 10 күн практикадан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат

Ош шаардык мэриясынын алдындагы Жаштар иштери боюнча комитети тарабынан интеллектуалдуу   өнүктүрүү мектеби жана бизнес мектеби акысыз окутуу долбоору боюнча өз ишин баштады. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда аталган комитеттин төрагасы Эрнис Кулназаров билдирди.

Анын айтымында, долбоордун негизги максаты жаштардын интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу, лидерлик сапаттарын өстүрүү, ораторлук чеберчилигин өркүндөтүү, жаштардын жеке бизнесин куруу үчүн бизнес пландоого, маркетинг жүргүзүүгө жана бизнес-планды ишке ашырууга үйрөтүү болуп саналат.

Айта кетсек, окуу жыл аягына чейин жүргүзүлөт. Жыйынтыгында долбоордун 10 мыкты катышуучусу Жогорку Кеңеште 10 күн практикадан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан