18-май күнү Бишкектеги №4-төрөткананын алдында “Жаштар диалогу” фонду тарабынан “Биздин энелер баарын кыла алышат” деген аталыштагы акция болуп өттү. Бул тууралуу уюштуруу тобунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, акциянын уюштуруучулары 18-май күнү төрөгөн энелерге чакан белектерди ыйгарып, майрамдык маанай тартуулашты. Ошону менен катар уюштуруу тобун аталган мекеменин кызматкерлери дарыгерлердин жумуш шарттары жана анын кыйынчылыктары менен кенен тааныштырды.