Бүгүн, 20-майда Ак үйдүн жанында Жумгалдагы "Кара-Кече" кенинде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин 20 чакты тууганы жана жердештери нааразылык акциясына чыгышты. Иш-чаранын катышуучусу, Жумгалдагы элдик сот боюнча СИЗОдо отурган жарандардын биринин аялы Дамира Садырбаеванын айтымында, алардын талаптары төмөнкүдөй:
- 2014-жылдын 20-февралында Жумгал райондук сотунда болгон жаңжал боюнча тергөө амалдарын Нарын ОИИБи эмес, УКМК же Башкы прокуратура жүргүзсүн;
- Ошол сот боюнча күнөөсүз кармалгандар бошотулсун;
- КРнын ИИМинин системинде болгон коррупцияны, кландашууну жана трайбализмди жок кылуу.
“Эгер бийликтегилер бизге чыгып жолукпаса, талаптарыбызга көңүл бурбаса, Ак үйдүн жанына боз үй тигип, эч жакка кетпейбиз”,- деди Садырбаева.
Ал эми 21-февралда Жумгалдагы элдик сот боюнча “адам өмүрүнө кол салуу”, “сот адилеттигин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу”, “бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү”, “мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.