Бүгүн, 20-майда Ош улуттук драма театрында “Жылдын мыкты мугалими-2014” сынагынын финалдык айлампасы өтүп жатат.
Анда Ош шаарындагы мектеп мугалимдеринин арасынан суурулуп чыккан 8 катышуучу ат салышууда. Жыйынтыгында жеңүүчүгө автоунаа тапшырыларын Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Куштарбек Кимсанов билдирди. Журналисттердин "Орундар алдын ала сатылып кеткен жокпу?" деген суроосуна ал: “Балким, буга чейин орундар сатылып келгендир. Бирок биз калыстарды алдын ала тандабай, бүгүн эртең менен мугалимдин мыкты жактарын баалай билген өкүлдөргө чалып, калыстык кылып берүүлөрүн сурандык. Бул да болсо ачык-айкын өткөрүүнүн бир жолу”,- деди Кимсанов.
Ал эми катышуучу мугалимдер өз кесиби боюнча көргөзмө тартуулашып, калыстардын жана көрүүчүлөрдүн сынына коюшту.
Ошондой эле үч баскычтан тең биринчиликти алып келе жаткан №18-мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Мелисбек Мырзаматов буларга токтолду: “Жалпы жыйынтык боюнча биринчиликте келе жатам. Бүгүнкү сынакта да ийгиликке жетем деген ишеничтемин. Албетте, мугалим катары такшалуу максатында, өзүбүздү өнүктүрүү үчүн ушул сынакка катышканбыз. Менин жеке максатым - жеңиштен да бийик турган кыргыз жерине керектүү мугалим болуу”.
Ага Ош шаарынын вице-мэри Ильич Эргешов жана бир катар мектептердин жетекчилери катышууда.
Эске салсак, жалпы 25 мугалим катышып, алардын 8и финалга жолдомо алышкан болчу.