2014-жылы гемодиализге 104 миллион сом өлчөмүндө каражат бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңеште өтүп жаткан парламенттик угууда каржы министри Ольга Лаврова билдирди.
Маалым болгондой, өткөн жылы гемодиализге 70 миллион сом бөлүнгөн. Анын 33 миллиону кайра бюджетке кайтарылган. Бул жылы мамлекеттик бюджеттен 70 миллион сом, Орусиядан келе турган гранттан 34 миллион сом бөлүнөрү айтылды.
Кошумчалай кетсек, абалы орто бейтап айына 12 гемодиализ сеансын алат. Ал эми абалы өтө оор бейтаптар күнүнө 12 гемодиализ сеансына муктаж болуп калышат. Гемодиализ алган бир бейтапка мамлекет жылына 800 миң сомдон ашык каражат сарптайт. Ал эми 425 бейтапка 360 миллиондон ашык каражат жумшалат.