Ош ШИИБи: Акыркы коңгуроо мектеп окуучусунун жашоосундагы акыркы күн болбошу керек

Ош шаарында бүгүн, 20-майда Ош ШИИБинин жана Жол кайгуул-күзөт кызматынын жетекчилиги коомдук унаалардын, үлпөт той жана башка иш-чараларга келишимдин негизинде чыгуучу жеке менчик унаалардын айдоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жыйынга 60тан ашуун адам катышып, мектеп окуучуларынын Акыркы коңгуроо салтанатына арналган иш-чаралар талкууланды. Ошондой эле башка аймактардан 20 жылдык мааракеге келген мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо боюнча да кеп козголду.   

“Акыркы коңгуроо мектеп окуучусунун жашоосундагы акыркы күн болуп калбашы зарыл. Ата-энелерге айтарым, унааңардын ачкычын бүтүрүүчү балдарыңарга карматпагыла. Балдарыңардын жүрүм-турумун катуу көзөмөлдөсөңөр”,- дейт ШИИБдин жетекчисинин орун басары Ш.Зулимов.  

ШИИБдин жетекчисинин орун басарынын айтымында, былтыр Бишкек - Кара-Балта жол каттамындагы автокырсыктан 4 окуучу бала каза тапкан.

Ал эми жыйынга катышкан жеке унаа айдоочуларды окуучулардын Акыркы коңгуроо күнүндө аларды тейлөөдөн баш тартууга чакырды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан