Республика боюнча долбоор аркылуу 52 кооптуу аймак аныкталып, жаратылыш кырсыктарына бөгөт кылуу максатында ал жерлерге бак-дарактар отургузулду. Быйыл жаз-жай айларында жалпысынан 70 976 бак-дарак отургузулуп, 715 килограмм урук себилди. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, “Жашыл долбоорду” БУУнун "Өнүктүрүү" программасы (ПРООН) материалдык жактан жогорку деңгээлде колдоп жатат. Алар тараптан тикенек зымдары, арматура, тор жасоо үчүн зым, металл боёгу, мык, цемент жана башка курулуш материалдары үчүн жалпы суммасы 1 618 434 сомдук колдоо көрсөтүлдү.
Эл өзү колдоого алган аймактарда бул долбоорду ишке ашыруу жеңилирээк болууда. Айрыкча Баткен облусунда жумуштар башка аймактарга үлгү болорлук деңгээлде жүргүзүлүүдө.
Айтсак, Баткен облусунун Сүлүктү шаарынан башка бардык аймактарында “Жашыл долбоору” боюнча жумуштар мыкты жүрүп жатат десек жаңылышпайбыз. Айрыкча Лейлек районунун жетекчилиги бул багыттагы жумуштарды мыкты өздөштүрүп алгандыгы байкалат. Облус боюнча 22 объектиге 50 180 түп көчөт, 120 кг бадам уругу отургузулду. Эгер ушул көчөттөр көктөп калса, 455 турак жайды, 211 га жерди коргойт.
Ошонун ичинен Лейлек районун бөлүп айта турган болсок, Лейлек районунда 120 кг бадам уругу, 44 000 түп көчөт отургузулуп, алар жалпысынан 390 турак үйдү жана 191 га жерди коргойт.
“Бул жумуштарды ишке ашырууда мөмөлүү дарактарга басым жасалууга тийиш, анткени экология да сакталып, жаратылыш кырсыктарынан коргонуу да жолго коюлуп, калктын социалдык муктаждыктары да чечилет”,- деди Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов министрликтин облустук башкармалыктарынын башчыларына тиешелүү тапшырмаларды берип жатып.