Бишкекте өткөн “Жүрөктөн жүрөккө” акциясында карыялар өз колдору менен жасаган буюмдарын сатыкка коюшту (фоторепортаж)

Бишкекте бүгүн, 20-майда жыл сайын өтүүчү “Жүрөктөн жүрөккө” деген аталышта улгайган адамдардын буюмдарынын жарманкеси болуп өтүү.

Социалдык жарманкеге Чүй жана Ысык-Көл облустарынын өздөрүнө өздөрү жардам берүүчү тайпаларынын өкүлдөрү, жалпысынан 60ка жакын адам катышууда. Алар өздөрүнүн колунан чыккан буюмдарын жана ар кандай күнүмдүк жашоого керектелүүчү каражаттарды сатыкка чыгарышты.

Жарманкеде кийизден жасалган буюмдар, токулган кийим-кечелер, оюнчуктар, балдардын чыптамалары, чоң жана кичинекейлерге арналган топулар, жүн байпактар, кооздолгон жаздыкчалар жана ушул сыяктуу көптөгөн буюмдар сатыкка коюлган. Ошондой эле тамак-аш, жумуртка жана үйдө өстүрүлгөн жашылчалар сатылууда.

"Биздин акция 2005-жылдан бери өтүп келет. Кыргызстандын калкынын жалпы санынын 10 пайызын картаңдар түзөт. “Жүрөктөн жүрөккө” акциясынын негизги максаты - коомчулуктун көңүлүн буруп жана алардан колдоо табуу. Биздин улгайган жарандарыбыз татыктуу пенсия гана албастан, татыктуу камкордукка ээ болушу зарыл. Алар биздин арабызда экенин унутпашыбыз керек. Уюштурулган акцияга 50гө жакын өздөрүнө өзү жардам берүүчү тайпа катышууда. Ал бир тайпада 10-15ге жакын адам эмгектенет",- дейт уюштуруучулардын бири Игорь Литвинов.

Аталган акция жылына 2 ирет өтөт. Экинчиси Карыялар күнүн утурлай 1-октябрда өтөт. Бүгүнкү акциянын катышуучулары келген конокторго чакан концерт жана шахмат оюнун уюштурушту.

"Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 550 миңден ашуун улгайган жаран жашайт. Аларды коргоо жана камкордук көрүү максатында бир катар мыйзамдар да бар. Биздин тармакта 1900гө жакын жаран социалдык жөлөк пул алууда. Социалдык жөлөк пулдун эң азы 2399 сомду түзөт. Андан сырткары 14кө жакын карылар үйү иш алып барат. Бүгүнкү күндө биздин карыяларыбыздын позициясы төмөн пенсиясына карабастан, активдүү жана алар жөн гана отура бербестен, дайыма изденүүнүн үстүндө",- дейт КРнын Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эрик Күйкеев.

Ошондой эле министрдин орун басары жарандарды аталган акцияны колдоого чакырды.

“Жүрөктөн жүрөккө” акциясы “Бабушка Эдопшн”, Балдарды коргоо борбору, Карыялардын ресурстук борбору коомдук мекемелерин камтыган эл аралык “ЭйджНэт Интернэшнл” картаюуну жана карыларды изилдөө эл аралык уюмунун демилгеси менен өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан