Бишкекте шаарды сапаттуу жаңыртуу жана аны өнүктүрүү жолдорун издөө боюнча идеяларды, сунуштарды камтыган "Bishkek Upgrade" урбанистикалык форумуна катышууну каалагандарды каттоо башталды. Каттоо 5-июнга чейин уланат. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, форумдун алкагындагы кеңешмелерге Орусиянын, Германиянын, Грузиянын, Чехиянын эксперттери катышып, шаарды өнүктүрүүнүн стратегиясы талкууланат.
Форумдун иши "Борбор жана шаардын чети", "Транспорттук инфраструктура", "Шаардагы коомдук мейкиндиктер жана жаратылыш формалары", "Шаардын тышкы көрүнүшү" жана башка секцияларга бөлүнгөн жана ар бир багыт боюнча сунуштар, жаңы идеялар да талкууланат.
Эске салсак, аталган форум 6-7-июнда КРнын Улуттук китепканасында өтмөкчү.