Баткен облусунун ардагерлеринин "Ырыс алды - ынтымак" кеңешмесинде өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков жалпы элдин сыйына татыган жетекчи катары элге мыкты кызмат көрсөткөнү, Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн "Кыргыз Республикасынын ардактуу аксакалдар жана айымдар" коомдук бирикмеси тарабынан Эл сүйгөн жетекчи ордени жана Ардак грамота менен сыйланды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Ошону менен катар эмгеги сиңген, руханий дүйнөсү бай мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, жалпы элге калыс сөзүн айткан жана эл сыйына татыган атуулдар “Ардактуу аксакалдар жана айымдар" коомдук бирикмесинин Кыргыз Республикасынын ардактуу аксакалы, Кыргыз Республикасынын ардактуу айымы ордендери менен сыйланышты.