Бишкекте кодулоо жана улутчулдукка каршы акция өттү

Бишкекте бүгүн, 20-майда кодулоо жана улутчулдукту жок кылуу максатында “Биз ааламданбыз” аталышындагы акция болуп өттү. Бул тууралуу AIESEC Эл аралык жаштар уюмунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага "SOS кыштагы" жана “Жаркын жол” балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, жалпысынан 100гө жакын адам катышты. Иш-чаранын ачылышынан кийин флешмоб, көңүл ачуучу оюндар уюштурулду.

Уюштуруучулардын айтымында, акция ар кыл социалдык катмардагы жаштарды бириктирүү жана ар кандай коомдук стереотиптерди жоюуга багытталган.

Ошондой эле акция ЖОЖдордун биринде уланып, “Биз ааламданбыз”, “Командалык иш”, “Максатка айланган кыял ишке ашат”, “Келечек үчүн билимдин маанилүүлүгү”, “Менин келечектеги кесибим” темаларында тренингдер болуп өттү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aylun
2014-05-20 16:52:51
ким кимди эле кодулап атат? кыргызстанда башка олколордой айырмаланып "мой адрес - советский союз" го дагы эле? тим эле, кодуланып калышат. андай акцияларды россия для русских деген скинхеддердин мекенинде откозбой беленер, слабо вам да?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан