Испаниянын футбол боюнча чемпиондугунда 2-орунду ээлеген каталондук “Барселона” футболдук клубу Луис Энрикенин клубга башкы машыктыруучу болуп дайындалганын жар салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, 44 жаштагы адис каталондук клуб менен 2 жылга келишим түздү. Ал акыркы сезондо дагы бир испаниялык клуб “Сельтаны” машыктырган. Эске салсак, акыркы сезондо “Барселонаны” машыктарган Херардо Мартино Испания чемпиондугу жыйынтыкталар замат өз кызматынан бошотулду.
Луис Энрике кезинде “Барселонанын” курамында футболчу катары 8 сезон ойногон. Машыктыруучулукту 2008-жылы “Барселонанын” экинчи командасын машыктыруу менен баштаган.