Ошто “Жылдын мыкты мугалими-2014” сынагын 25 жаштагы мугалим утуп, автоунаанын ээси болду 

Бүгүн, 20-майда Ош улуттук драма театрында “Жылдын мыкты мугалими-2014” сынагынын финалдык айлампасы өттү. Анда Ош шаарындагы мектеп мугалимдеринин арасынан суурулуп чыккан 8 катышуучу ат салышып, баш байгени №18-мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Мелисбек Музулманов алып, Матиз үлгүсүндөгү автоунаага ээ болду. Ошондой эле 1-орунду №16-мектептин математика  мугалими Гүлнара Кулмаматова алып, ага муздаткыч ыйгарылды. 2-орунду №52-мектептин мугалими Эртөштүк Жумабаев ээлеп, белекке ноутбук алды. Ал эми 3-орунду багынткан №41-мектептин мугалими Севара Адиловага байгеге сыналгы тапшырылды.

Айта кетсек, сынакка жалпы 25 мугалим катышып, алардын 8и финалга жолдомо алышкан. Алар мугалимдин өздүк презентациясы, педагогикалык кырдаалдан чыгуу, полиглот мүнөтү, чукул суроолор, чыгармачылык шыгын көрсөтүү, көргөзмө сыяктуу тапшырмалардын негизинде ат салышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
suyor
2014-05-20 17:08:45
Мелис байке суперсиз, Куттуктайм, коруп ото суйундум, коредан ининиз Суйор
0
aikow92
2014-05-20 17:11:18
Биз да тен болуштуук кут болсун. Бишкектен Айкош
0
Boldukan86
2014-05-20 17:15:04
куттуктайм. суйунучтуу жанылык. озумда мугалимминда. Кадамжайдан эжешан.
0
munara-55
2014-05-20 18:03:26
Женишиниз кут болсун!бул келечектеги жакшылыктарыныздын башаты болсун
0
aikol87
2014-05-20 18:10:37
Куттуктайм.
0
Sharipa-asia
2014-05-20 20:12:35
Жаш экен, туура кылыпсынар жаштарды ишке тартуунун дагы бир жолу ушул да
0
nursyi
2014-05-20 20:26:21
сыйлыгынар кут болсун!
0
kama_future_millioner
2014-05-20 20:44:33
Куттууктайм мугалимдерге стимул болуптур
0
92nuraaly
2014-05-20 21:19:45
Кут болсун алган тулпарыныз!
0
erali
2014-05-20 21:46:42
Сыйлык сыймык,азаматсын иним,эн башкысы ушул сыяктуу сынактар калыс отулсо экен.
0
kaniet
2014-05-21 11:11:49
Мен катышкам "Жыл мугалим-2003" ко, жашым 28де болчу ошондо, стажым 5 жыл эле, финалдык турга 1-орунда чыккам, финал башталганда сынак тушко чейин башталбай койду, талаш-тартыш, мен жана бир кызды стажы аз деп финалга сынактан сырткары катыштырып коюшту. Ошондо жанымда олтурган Манастын 40 чоросун билбеген эжеке 2-орунду илип кеткенде бир жаман болдум. Биринчи орунду алган эжеке тымпыйып олтуруп эле 1-орунду женип койду. Корсо бир кун мурун тымпыйып райОНОго акча таштап кеткен экен.
0
kaniet
2014-05-21 11:17:30
Кийинки жылы ожорлонуп катышсам 1-орунда бараткан жермден буттан ачык эле чалып 2-орунду берип коюшту, себебин сурасам информатика мугалимдери облассттык турга катышпайт имиш деген жооп алдым. Макул дедим, аттестацияга келдим. Мага автоматтык турдо 1-категория бериш керек эле, аны да бербей коюшту. Ошондо билдим акыйкаттыктын жоктугун. Ошол кездеги заврайОНО азыр механик, профкому дале профком райОНОдо. Экооно бир жолуксам деген ниетим бар буюрса.
0
kaniet
2014-05-21 11:21:21
Азыр Россиядамын. Мектепте откон омурумду эстесем кускум келет. Кайран 15 жылдык омур, текке кетиптир. Бирок бир чындык:-Азыр окуучуларым агайыбыз дешип урматтап турушат. Ошол кундордон жылуу элес калтырган ушул гана болду.Тарыхымды орунсуз жазсам кап этпегиле, Мелисти коруп, озумду эстедим. Мелис, азаматсын, сыйлыгын кут болсун, ийгилик сага.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан