Билим берүү министрлиги: Кыргызстандык студенттерге берилген квоталардын дээрлик басымдуу бөлүгүн Орусия берүүдө

Кыргызстандык студенттерге эң эле көп квотаны Орусия берүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда өткөн тегерек столдо билим берүү министри Канат Садыков билдирди.

"Кыргызстанга эң эле көп квотаны Орусия берет. Кыргызстандык студенттер үчүн жылына 465 орун каралган. Ага тапшыруу үчүн экзамен быйылтан баштап Орусия кызматташуу уюму тарабынан өткөрүлүүдө. Учурда бакалавр жана магистратура толугу менен толду",- дейт К.Садыков.

Ошондой эле Кытай, Түркия мамлекеттери кыргызстандыктар үчүн университеттерден квоталарды бере турганын да кошумчалады.

"Кытайдын университеттеринде окуу үчүн кытай тилин 5 даражада билүү кажет. Андан сырткары Кытайда окууну каалагандар үчүн Конфуций институту квоталарды берет. Ал эми Түркиядан окууну каалагандар үчүн экзамен Түркиянын элчилигинин жардамы менен өтөт",- дейт министр.

Мындан сырткары КМШга жана ШКУга мүчө мамлекеттердеги ЖОЖдор арасында студент алмашуу программалары да бар экени баса белгиленди.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан