“Жогорку окуу жайларды оптимизациялоо дегенде коомчулук аймактагы окуу жайларды жок кылуу деп туура эмес түшүнөт”,- деп айтты бүгүн, 20-майда тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Билим берүү министри Канат Садыков.
Анын айтымында, оптимизациялоонун ар кандай жолдору бар. “Биз окуу жайларды бириктирүү жолу менен кеңейтүүнү сунуштап жатабыз. Республиканын аймагындагы 52 жогорку окуу жайынын 31и мамлекеттик болуп эсептелинет. Алардын айрымдары лидерликте болсо, айрымдары артта калууда”,- деди министр.
Мындан тышкары ал ЖОЖдорду оптимизациялоодон студенттерге эч кандай тоскоолдуктар түзүлбөгөнүн баса белгиледи. “Тескерисинче, алар мындан утушат. Анткени окуу жайларды кеңейткенде аймактарда жашаган жаштардын өздөрүнө керектүү адистикти окууга мүмкүнчүлүк түзүлөт”,- деди Садыков.