Биринчи Май райондук администрациясы “Кудайберген” базарынын ишкерлерине жана ал жакта иштегендерге жума күндөрү аталган базардын тегерегин жыйноону тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда акимиаттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, акыркы жылдары аталган базарга келүүчү унаалардын саны, ошондой эле техникалык кароо станциялары да көбөйдү. Бул экологиялык жана санитардык абалга терс таасирин тийгизүүдө.
Биринчи Май райондук акимиатынын штабынын жыйынынын жыйынтыгы менен “Кудайберген” базарынын аймагын жума күнү түшкө чейин тазалап туруу чечими кабыл алынды.
23-май, жума күнүнөн баштап “Кудайберген” базарында иштегендер жана анын жанында жайгашкан ишканалардын ижарачылары ар бешинчи күнү түшкө чейин санитардык жана башка тазалоо иштерин жүргүзүшү керек. Ошондой эле арык, тротуарлар жана жарнамалык көрнөктөрдү тиешелүү көрүнүшкө алып келиши керек.