Ажылык сапарга баруучулар менингит жана сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда маалымат жыйынында Оорулардын алдын алуу боюнча республикалык борбордун жетекчиси Жолдош Калилов билдирди.
Анын айтымында, ажылык сапарга баруучулардын тизмеси түзүлгөндө алар эмдөөдөн өтө башташат. “Башында 25-июнга чейин түндүк облустарда катталгандар өтүшсө, андан соң түштүк облустарда катталгандар эмдөө алышат. Эмдөөдөн өткөндөргө тиешелүү кагаз берилет”,- деди ал.