Бишкекте бүгүн, 21-майда КРнын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы “Конституциялык Сот адилеттигинин натыйжалуулугунун кепилдиги катары Конституциялык Соттун чечимдерин аткаруу” аталышындагы эл аралык конференция өткөрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, Жогорку Соттун Конституциялык палатасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган конференция 21-23-майга чейин өтмөкчү жана Конституциялык Сот адилеттигинин натыйжалуулугу туурасында жана Конституциялык Соттун чечимдерин аткаруу боюнча талкуу болот.