25 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну "32 жаштагы айымды күч колдонуп тоногон" деп шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 21-майда билдирди.
Маалым болгондой, Бишкек шаарынын 32 жаштагы Гүлмира аттуу тургуну кайрылып, 25-30 жаштардагы белгисиз адам күч колдонуп уюлдук телефонун тартып алгандыгы тууралуу маалымдаган. Ыкчам аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган Жалал-Абад облусунун Учкунбек аттуу тургуну кармалган. Азыркы тапта иликтөө уланууда.