Бокс боюнча курама команданын 2 миллион сомго жакын карызы бар

Бүгүн, 21-майда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин имаратында бокс боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов жана Ташкентте өткөн эл аралык мелдеште байгелүү орундарды ээлеген мушкерлердин катышуусунда маалымат жыйыны болуп өттү.

Анда курама команданын башкы машыктыруучусу жана Олимпиада даярдоо борборунун директору Назирдин Акылбеков курама команданын мелдештерге жана сборлорго карыздардын эсебинен барып жатканын баса белгилешти. “Каражат маселеси кыргыз спортунда орчундуу көйгөйлөрдүн бири. Бокс боюнча курама команданын 2 миллион сомго жакын карызы бар. Пансионаттар мушкерлердин машыгуусуна шарт түзүп, машыгуу сборун карызга өткөрүү мүмкүнчүлүгүн берип жатышат”,- деди Назирдин Акылбеков. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kama_future_millioner
2014-05-21 16:26:04
Уят эле мамлекет акчча каражатын болуп койсо болот ко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан