Кыргызстандык мушкерлер жай айларында 3 ири мелдешке катышышат

Бүгүн, 21-майда бокс боюнча улуттук курама команданын катышуусундагы маалымат жыйынында машыктыруучу Адылхан Бекболотов команданын алдыдагы пландары менен бөлүшүп өттү.

Анын айтымында, мушкерлер сентябрь айында өтүүчү Азия оюндарында байгелүү орундарга илинүү аракетин көрүп, машыгып жатышат. Акыркы 12 жыл ичинде кыргызстандык мушкерлер Азия оюндарында байгелүү орундарга илинген эмес.

“Каражатка карап, Азия оюндарына чейин 3 мелдешке катышууну пландап жатабыз. 9-14-июль аралыгында Казакстандын президентинин Кубогуна, 14-20-июль аралыгында Кытайдын Ачык биринчилигине катышабыз. Ал эми 1-2-августта Бишкекте 4 курама команданын алдынкы мушкерлеринин катышуусунда атайын мелдеш уюштуралы деп турабыз. Бул мелдештерден кийин мушкерлерибиз Азия оюндарына жакшы даярдыкта барышат”,- дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан