Ташкентте өткөн эл аралык мелдеште Кыргызстан курама командасы жалпы 5 медаль утту

Ташкентте 13-18-май аралыгында Сидней Жексондун жаркын элесине арналып өткөрүлгөн бокс боюнча эл аралык мелдеште Кыргызстан курама командасы жалпы 5 медаль утту. Бул тууралуу курама команданын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, курамга жалпысынан 10 мушкер кирип, команданын эсеби 1 алтын, 3 күмүш жана 1 коло медаль менен толукталды. Азамат Каныбек уулу 75 килограмм салмакта коло медаль тагынды. Ал эми Турат Осмонов (49 килограмм салмакта), Өмүрбек Малабеков (56 кг) жана Акжол Сулайманбек уулу (60 кг) күмүш медалдарды тагынышты. Ал эми курама команданын эсебине жалгыз алтын медалды 52 килограмм салмакта Азат Усеналиев алып келди.

“Азамат Каныбек уулунун кашы жарылып, беттешти токтотууга мажбур болдук. Өмүрбек Малабеков оң колун кокустатып алгандыктан, аны финалдык беттешке чыгарган жокмун. Азат Усеналиев да финалдык беттеш өткөргөн жок. Финалда Азат өзү менен чогуу “Украина атамандарынын” курамында машыккан Жасурбек Латипов менен беттешмек. Азат менен Жасурбек мурун клубда спарринг өнөктөш катары беттешип, 3-раундда беттеш токтотулган. Балким, өзбек мушкери финалда өз жеринде утулууну туура көрбөгөнү үчүн беттешке чыккан жок”,- деди ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dalil
2014-05-21 15:23:22
Азаматсынар. Онорунор дайыма жакшылык учун жумшалып кыргыздын дуйно тааныган уулдарынан болгула!
0
admin_portal
2014-05-22 10:48:13
betman, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан