Бишкектеги №1-шаардык
клиникалык ооруканада бир бейтаптын чуркусу жана курсагынын булчуңу менен
теринин ортосунда пайда болгон 12 килограммдык салмактагы май алынды. Бул
тууралуу бүгүн, 21-майда аталган оорукананын профессору
Акылбек
Мусаев билдирди.
“Ооруканабызга “курсагымдын
көлөмү акыркы 4 жылдан бери чоңоюп эле келе жатат, азыр ылдый боло албай кыйналчу
болдум” деп бир бейтап аял кайрылган. Бейтапты тиешелүү кароодон өткөргөндөн
кийин ага операция жасалып, анын чуркусу жана курсагынын булчуңу менен теринин ортосунда пайда болгон 12
килограммдык салмактагы май алынды”,- дейт
А.Мусаев.
Дарыгердин айтымында, бейтап бир гана ылдый боло албай кыйналбастан, курсагы салаңдап калгандыктан
улам ал дайыма тердеп, жагымсыз жыттар пайда боло баштаган. Андан сырткары
дайыма тердеп турган салаңдаган курсактын асты жара болуп кеткен.
Бейтап операциядан бир жумадан кийин үйүнө чыгарылган.
"Мындан 15 жыл мурун бир бейтаптын
ичинен салмагы 40 килограммды түзгөн май алынган. Ал баса албай, ордунан кыймылдай албай калган болчу”,- деп кошумчалайт профессор.