Ош шаарында 15-апрелде өткөн жолдорду оңдоо иштери боюнча тендердин жыйынтыгы комиссия тарабынан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, «Сын-Таш» ишканасы жолдордогу чуңкурларды жамоо иштери боюнча жеңүүчү деп табылды. Бул ишкана 1 чарчы метр аянтын 750 сомдон бүтүрмөкчү. Ошондой эле жеңген жеке ишкана Ош шаарынын Ак-Буура дарыясынын оң жана сол жээгинин жолдорунун чуңкурларын жамоо иштерин жакынкы күндөрдө баштайт.
Ал эми Амир-Темир кичи районундагы С.Айни көчөсүнүн жолдорунун чуңкурларын жамоо иштери боюнча «Юждорстрой» ишканасы жеңүүчү болуп табылды. Ал 1 чарчы метр аянтына 720,50 сом акы алуу менен иш жүргүзөт.
Эске салсак, тендерге 9 курулуш ишканасы катышкан.