20-майда Ош шаардык кеңешинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердик, чакан жана орто бизнес, тышкы экономикалык байланыш жана миграция маселелери боюнча депутаттык комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Ош шаардык кеңешинин басма сөз кызматы билдирди.
Ошону менен катар шаардык комиссиянын төрагасын шайлоо жана шаардык аксакалдар сотунун иши жөнүндө маселе каралды.
Маалым болгондой, комиссиянын мүчөлөрү депутаттык комиссиянын төрагалына «Республика» фракциясынын депутаты, «Акыйкат жана ынтымак» көпчүлүк коалициясынын жетекчиси Арфидин Алановду шайлашты.
Айта кетсек, аталган комиссиянын мурунку төрагасы Назгүл Сабирова өз каалоосу менен депутаттык укуктарын мөөнөтүнө чейин токтоткондугуна байланыштуу комиссиянын курамынан чыгарылган.
Ошондой эле депутаттар аксакалдар сотунун аткарылган белгилүү бир иштери жана андагы чечилбеген маселелер, аларды чечүү боюнча сунуштарды, шаардык кеңештин 2014-жылдагы иш планына ылайык, сессиядан кароо чечимин кабыл алышты.