Бүгүн, 21-майда Ош шаарындагы борбордук аянтта СМУТТ кичи районунун 60ка жакын жашоочусу жаратылыш газынын жоктугуна байланыштуу нааразычылыктарын билдирип митингге чыгышты.
Алар менен Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана Ош шаардык ИИБинин башчысы Кылыч Жолдошев жолугушуп, газ маселеси боюнча абалды түшүндүрүшкөн соң чогулган эл тарап кетти.