КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө КРнын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №148-токтому менен квалификациялык сынактын шарттарына тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Юстиция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындан ары квалификациялык экзамен эки этап менен өткөрүлмөкчү: жазуу жүзүндө (компьютердик) тестирлөө жана аңгемелешүү. Тестирлөөнүн узактыгы 2 саат 30 мүнөттү түзүп, талапкерлер компьютердик тестирлөөнү өз каалоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде тапшыра алышат.
Компьютердик тест 110 суроодон турат. Тесттин суроолору суроонун өзүнөн жана жооптун төрт вариантынан турат. Талапкер сунушталган ар бир суроо боюнча жооптун 1 вариантын тандап алып, аны тийиштүү түрдө белгилөөсү керек.
Тестирлөө баллдык систем менен бааланат. Тесттин ар бир туура жообуна талапкер 1 балл алат. Аңгемелешүүгө 77 жана андан жогору балл алган талапкерлер киргизилмекчи. Квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырды деп 80 жана андан жогору балл алган адамдар эсептелет.