Бишкекте Арстанбек Буйлаш уулунун 190 жылдыгына арналган жыйын өтүүдө

Бишкекте бүгүн, 21-майда КРнын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүү академиясында улуу акын Арстанбек Буйлаш уулунун 190 жылдыгына арналган илимий конференция өтүүдө. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган конференцияга белгилүү коомдук ишмерлер, тарыхчылар, тилчи-окумуштуулар, акын, жазуучулар, педагогдор катышууда.

“Улуттук илимдер академиясында тарыхчылар менен тилчи-окумуштуулар жана кеңири коомчулуктун катышуусунда күзүндө чоң жыйын өткөрүү пландалууда. Мындан тышкары Арстанбек Буйлаш уулунун өмүрү, чыгармачылыгына арналган даректүү фильм тартылып жатат жана анын туулган жери Нарын облусуна эстелигин тургузуу пландаштырылууда”, - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан