Эл аралык эмгек уюмунун билдирүүсү боюнча, дүйнөдө бүгүнкү күндө 21 миллионго жакын адам мажбурланып эмгектенет. Бул туурасында 21-майда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, дүйнө жүзү боюнча мажбурланган эмгектен түшкөн мыйзамсыз кирешенин көлөмү жылына 150 миллиард доллардан ашуун сумманы түзүүдө.
БУУнун эксперттери жүргүзгөн жаңы изилдөөгө ылайык, мажбурланып эмгектенгендердин жарымы Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү.
Мажбурланып иштегендерден түшкөн кирешенин үчтөн эки бөлүгү секс-индустрияда иштейт, ал эми калганы малай болуп эмгектенгендер. Ошондой эле алар айыл чарбасында жана ар кандай курулуштарда да эмгектенүүдө.