Бишкекте бүгүн, 22-майда “Тынчтыкты сактоодогу жана этностор аралык биримдикти чыңдоодогу аялдардын ролу” деген аталышта форум өтөт. Бул тууралуу АКШнын Бишкектеги элчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чарада активист айымдардын ишмердик деңгээлин жогорулатуу талкууланып, ошондой эле Ош менен Жалал-Абаддагы аялдардын демилгелүү топторунун тажрыйбасы менен таанышмакчы.
Андан сырткары иш-чарада айымдардын тынчтыкты сактоого кошкон салымын чагылдырган фотосүрөттөрдүн көргөзмөсү да уюштурулмакчы.