Кыргызстан курама команда футбол боюнча АФКнын Чакырык Кубогунда экинчи беттешин уттурду

Кечээ, 21-майда футбол боюнча Кыргызстан курама командасы АФКнын Чакырык Кубогунун тайпалык баскычында Мальдив аралдарынын курамы менен беттешип, 2:0 эсебинде жеңилүүгө дуушар болду. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, бул жеңилүү менен Кыргызстан курама командасы тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Көңүл жубатуучу оюнду футболчуларыбыз 23-майда Мьянма курама командасына каршы өткөрөт.

Эске салсак, 8 команда катышып жаткан бул мелдештин жеңүүчүсү 2015-жылы Австралияда өтүүчү Азия чемпиондугуна жолдомо алат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
jigit.paren
2014-05-22 10:38:44
откондо билгендей эле айткан экемин, омур откучо европпанын футболуна кызыгып аларга куйорман болуп журо беребизби? Жок дегенде ушу беттешти утуп же тен чыксанар эмне. Биздин футбол Барселонанын футболдук академиясында окуп тарбияланып жаткан Эрбол Атабаев чонойуп келип алга суйробосо азыркылар болбой калды олду.
0
kaniet
2014-05-22 11:32:25
Куттуктайбыз!
0
acer11
2014-05-22 11:45:11
Барселонанын футболдук академиясында окуп тарбияланып жаткан Эрбол Атабаевден кенири маалымат жазып койгулачы СУПЕРчилер.
0
admin_portal
2014-05-22 11:46:58
acer11, Саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, окуй аласыз: http://www.super.kg/article/?article=16915
0
acer11
2014-05-22 15:02:13
admin_portal, №507 20-июль-26-июль, 2012-жылы чыгарылган саны, азыркы мезгилдеги мени кызыктырган.
0
admin_portal
2014-05-22 15:54:25
acer11, Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз!
0
aikol87
2014-05-22 12:16:02
Эрболдон умут этпейле койгула. Гражданство РФ болсо бизде ойнобосо керек. Барселонадан окуп келип бизде ойномок беле аз акча толонот. Кайсы жак коп акча сунуштаса ошол командада ойношу мумкун.
0
kamyr26
2014-05-22 12:25:41
Эмне болсода каны Кыргыз Эрболдун голдорун кутобуз?
0
universal
2014-05-22 19:21:54
Ушул ойунду түз эфир көрдүм, чынын айтсам аягында ыйладым бир жылдан ашуун күткөн элем. Команда эмес кой экен баары, биринчи бөлүгүндө (мандараж) экинчиси болсо (дохлый). Наамыс деген ... жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан