Талас облусунун Кара-Буура районунан 2014-жылдын алгачкы 4 ай аралыгында чыккан тышкы миграция 82 адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 82 адамдын ичинен Орусияга 29 адам кетип, ал жактан 9у кайтып келген. Ал эми коӊшу өлкөлөргө 40 адам кетип, кайтып келгендердин саны төрттү түздү.
Ал эми ички миграция боюнча аталган аймакка 490 адам келсе, 190 адам кеткени маалым болду.