Памела Спартлен, Американын элчиси: “Дүйнөдө аялдардан көп нерсе көз каранды”

“Дүйнөдө аялдардан көп нерсе көз каранды”,- деп айтты бүгүн, 22-майда “Аялдардын тынчтыкты колдоо демилгелери” форумунда АКШнын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Памела Спартлен.

Анын айтымында, акыркы эки жылдын ичинде “Аялдардын тынчтыкты колдоо демилгелери” аттуу долбоор жүргүзүлгөн. “Ушул долбоордун жакшы жыйынтыктары бар экенине карабастан, алдыбызда чоң милдеттерибиз бар. Ал аялдардын аброюн көтөрүү максатындагы аракеттин биринчи кадамы деп эсептелинет. Дүйнөдө аялдардан көп нерсе көз каранды. Биз, айымдар, баарын жасай албаганыбызга карабастан, эл аралык маселелерди чечүүгө чоң салымыбызды кошо алабыз”­,- деди элчи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан