Бүгүн, 22-майда Бишкекте футбол боюнча Кыргызстандын биринчилиги - ТОП-Лиганын кезектеги тур оюндарынын алкагында нарындык “Ала-Тоо” менен бишкектик “Манас” клубдары кез келет. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан маалымдашты. Беттеш 17:30да “Дордой” спорт-комплексинде орун алат.
Кошумчалай кетсек, “Ала-Тоо” 6 оюнда 7 упай топтоо менен 5-орунду ээлеп келет. Ал эми мелдеш жадыбалында акыркы орунду ээлеп келген “Манас” клубу сезондо өткөргөн 8 оюнунун баарында упай алып көрө элек.