Кара-Балта шаарында бокс боюнча жаштар арасында эл аралык мелдеш өтөт

3-6-июнь аралыгында Кара-Балта шаарында Эл аралык бокс ассоциациясынын калысы, КРнын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Мамыт Акеровдун байгеси үчүн бокс боюнча жаштар арасында эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.   

Маалыматка ылайык, мелдеште 1996-1997-жылдары төрөлгөн спортчулар 10 килограмм салмактык бөлүктө (49 кг, 52 кг, 56 кг, 60 кг, 64 кг, 69 кг, 75 кг, 81 кг, 91 кг жана 91 килограммдан жогорку салмак) күч сынашышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан