«Евразия-2014 Кубогунда» кыргызстандык балбан күмүш медалга ээ болду

Бел боо күрөшү боюнча апрель айында өткөн «Евразия-2014 Кубогунда» кыргызстандык спортчу Кадыр Келсинбеков күмүш медалга жетишти. Бул тууралуу спортчу өзү Кыргызстанга Орусиядан кайтып келери менен билдирди.

Кыргыз балбаны оор салмакта 100 килограммдан ашуун категорияда таймаштарга катышкан. Ири спорт иш-чарасы Орусиянын Екатеринбург шаарында өткөн.

Кадыр Келсинбеков тандоо айлампасынан өтүп, латвиялык балбан менен беттешкен. Андан соң орусиялык спортчу менен алышып, акыры финалдык кармашта түркмөнстандык балбанга бир упай уттуруп койгон.

Спортчунун айтымында, анын «Евразия-2014 Кубогуна» катышуусу Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитетинин жана “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын колдоосунан улам мүмкүн болгон.

“Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитетине жана менин Орусиядагы жашоомду, жүргөн-турганымды, ага байланыштуу чыгымдарды каржылап берген “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын жетекчилигине терең ыраазычылык билдирем. Жаштарды спорт менен машыгууга үндөгүм келет. Спорт -мекенибиз Кыргызстандын намысын коргоп, аброюн көтөрүүнүн эң мыкты жолу”,- деп билдирди Кадыр Келсинбеков.

Учурда спортчу жакында Түркмөнстанда өтө турган бел боо күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугуна даярдык көрүүдө.

«Евразия-2014 Кубогунда» 160тан ашуун спортчулар катышкан. Алар: Армения, Азербайжан, Беларусь, Грузия, Израиль, Казакстан, Кыргызстан, Латвия, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан, Украина жана Орусиянын курама топторунун өкүлдөрү.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Danel
2014-05-22 16:31:15
Алга братан,Аканов барбапбы ээ??
+1
diamond901512
2014-05-22 17:13:48
Өнүгүү-Прогресс партиясы жакшы иш алып барып жатышат калган партиялар шайлоо жакындаганда эле уну чыгышат уят
+1
gapar82
2014-05-22 18:43:09
Аллах озу куч кубат берсин
+1
samidinova84
2014-05-22 20:01:56
Кыргызымдын желеги коп жерлерде желбирешин каалайм!Азаматсын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан