Кечээ, 21-майда өкмөттүн алдындагы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун буйругу менен Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайынын жаңы директору болуп Муратбек Кыбраев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда аталган агенттиктин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, буга чейин бул кызмат ордун Абжапар Эргешов ээлеп келген. Ал өз каалоосу менен арыз жазып, кызматтан кеткен.
Кошумчалай кетсек, Кыбраев Муратбек Анаркулович 1968-жылы 21-апрелде төрөлгөн. 2011-жылдан тарта аталган окуу жайда директордун орун басары катары эмгектенип келген.