Испанияда 35 жылдан соң коррида оюну токтотулду (фотолор)

Испаниянын Мадрид шаарында акыркы 35 жыл ичинде алгачкы жолу коррида оюну токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мындай чечим акыркы оюндарда жинденген бука 3 оюнчуну челип ыргыткандыгына байланыштуу кабыл алынган. Үч оюнчунун бири белгилүү матадор Давид Мора болгон. Бука мүйүзү менен анын бутун челип кеткен. Матадордун абалы оор боюнча калууда. Ал эми берки экөө да ооруканага жаткырылган. 

Өлкөдө коррида оюнунун токтотулушуна каршы чыккандар да болууда. Алардын катарында өлкөнүн премьер-министри да бар. Алар "Бул оюндун фанаттары абдан көп. Коррида - байыркы искусствонун бир түрү, улуттун тарыхы" дешүүдө.

Белгилей кетсек, Испанияда жыл сайын 2 миңге жакын коррида оюну өткөрүлүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ASO
2014-05-22 18:54:41
жаныбарга ишенип болот беле.
+1
ula1987
2014-05-23 00:40:47
Албетте токтотуш керек,булда Аллахтын жараткан жаныбары,кордук кылып аны кыйнап ойун кылып атышат,учоону жаралап ажеп эле кылыптыр.
0
shutUP
2014-05-23 10:04:02
челип кетүүңөр эмнеси?
0
admin_portal
2014-05-23 10:19:26
shutUP, Саламатсызбы!
"Челип кетүү" "мүйүзү менен сүзүү, сүзүп ыргытуу" деген маанини түшүндүрөт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан