Ысык-Көлдө футбол боюнча “Өнүгүү” мелдеши өтүүдө

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда футбол боюнча “Өнүгүү” мелдеши башталып, ага районго караштуу 30 айылдын командалары катышууда.

Мелдештин салтанаттуу ачылуу аземине “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы демөөрчүлүк кылып, 450 миң сом акчалай каражат бөлүп берди.

Мелдештин ачылышына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Ысык-Көл облусунун Футбол федерациясынын президенти жана Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев катышты. Катышуучулар Ысык-Көлдүн гана эмес, бүтүндөй Кыргызстандын атагын алыска таратып, бүт Союз мамлекеттеринде ойноп келген футбол ардагерлерине таазим кылышты.

Биринчиликти футбол ардагерлери ачып беришти. Алар менен кошо ойногон Бакыт Төрөбаев: “Мурда мен футболду аябай жакшы ойночумун, жергиликтүү футболчулар суранганынан азыр ойнодум. Бирок, көптөн бери машыкпагандыктан, чарчап калдым. Эң маанилүүсү, “Өнүгүү” мелдешин түздүк. Бул – спорт, ынтымак жана биримдик. Жети-Өгүз элине, жерине кут келсин, өнүгүү келсин!”- деди.

“Өнүгүү” мелдешинде 30 команда өз ара ойноп, жылдын аягына чейин созулат. Финалдык беттеш октябрь айына туураланган. Иш-чаранын уюштуруучулары жаштарды футболго тартуу менен биргеликте Жети-Өгүз районунун курама тайпасын түзүүнү көздөшүүдө.

Жети-Өгүз районунун Футбол федерациясынын башчысы Бакыт Айтакунов: “Кыргызстандын чемпиондугунда Ысык-Көлдөн команда жок. Азыр биз жаш жана таланттуу балдарды издеп, курама команда түзгөнү жатабыз. Бул жагынан алганда “Өнүгүү” чемпиондугун түзүп, өткөрүү абдан туура кадам. Биздин асмандан издегенибиз жерден табылды десе болот”,- деп билдирди.

"Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын басма сөз кызматынын маалыматында "Эгемендүүлүктүн 23 жылында жаштар мамлекет тарабынан унутулуп, эч кимге кереги жоктой сезилчү. Эгер мамлекет да, спортко кайдыгер карабаган аткаминерлер да спортко салымын кошуп, ушул сыяктуу таймаштар аймактарда уюштурула турган болсо, Кыргызстанда футбол сөзсүз көтөрүлөт" деп айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан